BRIDGE: Европа менен Азиянын ортосундагы көпүрө - Синергия

Долбоор эмне үчүн маанилүү?

Долбоордун максаты жаштардын экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана жаштар ишкердигин өнүктүрүү жаатында жаштар уюмдарынын потенциалын жогорулатуу жолу менен Европа жана Азиядагы жаш ишкерлердин ортосундагы кызматташтыкты түзүү.

Долбоордун максаттары:
- Европа жана Азиядагы жаш ишкерлердин ортосунда ишкердүүлүк жаатында тажрыйба алмашуу, ноу-хау үчүн онлайн аянтчасын түзүү, ал ишкердик мамилелерди түзүп, эл аралык өнөктөштүктү куруу үчүн мейкиндик түзүп, бизнес жана социалдык чөйрөдө келечектеги кызматташууну пландаштырат.
- Жаштардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн жаштар уюмдарынын потенциалын жогорулатуу.
- Мамлекеттер аралык социалдык жана бизнес долбоорлорду түзүүгө дем берүү
- Жаш ишкерлердин континенттер аралык кызматташуусунан келип чыккан синергияны табуу, өнүктүрүү жана бекемдөө
- Азиянын жергиликтүү жамааттарында социалдык ишкердүүлүктүн формаларын жайылтуу.

Долбоордун алкагында өлкөнүн 7 областынан келген 20 жаштар жаштар ишкердүүлүгүнүн негиздери боюнча окуудан өтүштү. Институт өзүнүн потенциалын жогорулатып, экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү жана жаштардын ишкердигин өнүктүрүү боюнча иш алып барган эл аралык жаштар уюмдарынын мүчөсү болду. Уюмдун кызматкерлери жана долбоордун бенефициарлары бир катар эл аралык иш-чараларга катышышты: Индонезияда орнотуу жыйыны, Түркиядагы тренингдер, Польшага алмашуу сапары. 2019-жылы Кытайда "Европадагы жана Азиядагы жаштардын ишкердүүлүгү жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрү" эл аралык саммити, ошондой эле долбоордун акыркы жыйыны Словенияда өтөт.

Долбоордун узактыгы:
2018-жылдан ушул күнгө чейин.

Долбоордун негизги өнөктөштөрү:
Долбоор ERASMUS + каржылык колдоосу менен ишке ашырылды

Долбоордун координатору:
Назик Мамасадыкова - nmamasadykova@jashtar.org


Поделится: