«ЖАКЫРЧЫЛЫКТЫ ЖЕҢЕБИЗ» ЖАШТАР ФОТОКОНКУРСУ #EndPovertyKG
17-октябрда белгиленүүчү Дүйнөлүк жакырчылык менен күрөшүү күнүнө арналган ЖАШТАР ФОТОКОНКУРСУ өткөрүлүүдө
ФОТОКОНКУРСУНУН ТЕМАСЫ: «Жакырчылыкты жеңебиз»
ӨТКӨРҮҮ МӨӨНӨТҮ: 2021-жылдын 1 – 17 октябры
КАТЫШУУЧУЛАРДЫН КУРАГЫ: 14 – 28 жаш
ФОТОКОНКУРСТУН МАКСАТЫ:
- оор турмуштук шарттарда жашаган адамдардын көтпөгөн кыйынчылыктарына терең көңүл буруу,
- жакырчылыктын ар түрдүү аспекттеринин айланасында коомдук диалогду күчөтүү,
- “мурдагыга караганда жакшы” принциби боюнча калыбына келтирүү жолдорун издөө жана дээрлик туруктуу жана коопсуз келечекти куруу
ФОТОСҮРӨТТӨ ЭМНЕНИ КӨРСӨТҮҮ КЕРЕК? Конкурска жакырчылыкка, кыйынчылыктарды жеңүүгө байланыштуу көйгөйлөр жөнүндө айтуучу жана адамдардын үмүтүн чагылдырган эмоционалдуу автордук фотосүрөттөр кабыл алынат.
КАНТИП КАТЫШУУГА БОЛОТ? Фотоконкурс катышуучулардын эки категориясы боюнча өткөрүлөт:
Сүйүүчү-сүрөтчү категориясына талаптар |
Кесипкөй-сүрөтчү категориясына талаптар |
Фотосүрөттү #EndPovertyKG хештеги менен Instagram же Facebookка жайгаштыруу |
Фотосүрөттү #EndPovertyKG хештеги менен Instagram же Facebookка жайгаштыруу |
сүрөтчүнүн аты-жөнүн көрсөтүү |
сүрөтчүнүн аты-жөнүн көрсөтүү |
фотосүрөттүн аталышын көрсөтүү жана кыскача баяндоо |
фотосүрөттүн аталышын көрсөтүү жана кыскача баяндоо |
Дүйнөлүк банкты белгилөө @WorldBank |
Дүйнөлүк банкты белгилөө @WorldBank |
мүмкүн болушунча көп лайк топтоо |
мүмкүн болушунча көп лайк топтоо |
бир автордон бир гана фотосүрөт кабыл алынат |
бир автордон бир гана фотосүрөт кабыл алынат |
фотосүрөт Кыргызстандын территориясында жасалышы керек |
фотосүрөт Кыргызстандын территориясында жасалышы керек |
|
фотосүрөттүн аталышын көрсөтүү менен фотосүрөттү кошумча endpovertykg@jashtar.org почтага жиберүү |
|
Почтага жиберилген фотосүрөт JPEG форматында, 500 Кбайттан 5Мбайтка чейинки өлчөмдө, сапаты жана чоңдугу (разрешение) жогору болушу керек. |
|
Таанытма белгилерге (подписи), өзгөчө белгилерге (водяные знаки), копирайттарга ж.б. жол берилбейт. |
АТАЙЫН ТҮЗҮЛГӨН КАЛЫСТАР ТОБУ ФОТОСҮРӨТТӨРДҮ ТӨМӨНКҮ КРИТЕРИЙЛЕР БОЮНЧА БААЛАЙТ:
- фотосүрөттүн сюжетинин фото сынактын “Жакырчылыкты жеңебиз” темасына ылайык келүүсү;
- фотосүрөттүн техникалык сапаты;
- туура композициялык чечим;
- ойдун оригиналдуулугу, образдуулугу, өзгөчөлүгү;
- фотосүрөттөрдүн аталыштарынын оригиналдуулугу.
Кесипкөйлөрдүн иштерин баалоо үчүн тажрыйбалуу кесипкөй сүрөтчү тартылат.
БАЙГЕЛЕР:
Сүйүүчү-сүрөтчү категориясы |
|
Кесипкөй-сүрөтчү категориясы |
10 000 сомго сертификат (тандоо боюнча окутуу) жана дароо чыгаруучу фотопринтер |
1-орун |
10 000 сомго сертификат (тандоо боюнча окутуу) жана stopkadr.kg дүкөнүнөн жабдуу сатып алуу үчүн 20 000 сомго сертификат
|
10 000 сомго сертификат (тандоо боюнча окутуу) жана телефондор үчүн мыкты стабилизатор |
2-орун |
10 000 сомго сертификат (тандоо боюнча окутуу) жана stopkadr.kg дүкөнүнөн каалаган жабдууну сатып алуу үчүн 10 000 сомго сертификат |
10 000 сомго сертификат (тандоо боюнча окутуу) |
3-орун |
10 000 сомго сертификат (тандоо боюнча окутуу)
|
Жана калган катышуучулар үчүн көптөгөн кызыктыруучу белектер
|
Кошумча маалымат
Конкурска катышуу АКЫСЫЗ. Сүрөттөр рецензияланбайт. Конкурсту өткөргөндөн кийин уюштуруучулар фотосүрөттөрдү коммерциялык эмес максаттарда колдонуу укугуна ээ болушат.