Биз жөнүндө

Кыргызстан жаштарынын туруктуу өнүгүүгө жигердүү катышуусу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү.

Биз жөнүндө

“Жаштарды өнүктүрүү Институту” (ЖӨИ) Коомдук Бирикмеси – Кыргыз Республикасындагы жаштар менен иштешүү жана жаштар саясатына көмөктөшүү боюнча алдыңкы уюмдардын бири. ЖӨИ Кыргызстанды өнүктүрүү идеясын карманган активдүү жана кайдыгер эмес жаштарды бириктирет. Алардын Кыргызстанды өнүктүрүүгө болгон каалоосу жана идеясы Институтту биздин өлкөнүн жаштары үчүн бар болгон жана жаңы мүмкүнчүлүктөрдүн лидери болууга жардам берет.

Жаштарды Өнүктүрүү Институту 2014-жылдын 15-апрелинде “Республика мурасы” Коомдук Бирикмесин кайрадан каттоо жолу менен түзүлгөн. (2011-жылдын 28-февралында каттоодон өткөн.) “Республика мурасы” Коомдук Бирикмеси жаңы долбоорлор пайда боло баштаганда жана көп нерсеге жетишүү каалоосу пайда болгон кезде ЖӨИ да өсүп, ошол эле учурда команда дагы өскөн. Негизги кызматкерлери Бишкекте иштесе дагы, Институттун долбоорлору жана программалары Кыргызстандын бүткүл аймагын камтыйт.

Биздин мамиле

Миссия жана баалуулуктар

Биз эмнеге умтулабыз?

Биз эмнеге умтулабыз?

Биз - жаштар өз мүмкүнчүлүктөрүн толук түшүнүп, ачып бере турган коомбуз. Жоопкерчиликтүү жарандар катары алар өз өлкөсүндө чечим кабыл алууга катышышат.

Биздин миссия

Биздин миссия

Жаштарды Өнүктүрүү Институту, жаштар уюму катары, Кыргызстандын туруктуу өнүгүүсү үчүн жаштардын потенциалын ачып берүү ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

Баалуулуктар жана максаттуу топтор

Баалуулуктар жана максаттуу топтор

Институт жаштардын шык-жөндөмүн жана ички ресурстарын өнүктүрүүгө көбүрөөк мүмкүнчүлүк берүү жана шарттарды түзүү үчүн иштейт ...

Гендердик сезимталдык

Гендердик сезимталдык

Институт өз ишинде гендердик-сезимтал мамилени колдонуп, кыз-келиндердин потенциалын жогорулатууга жана саясий, социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө өзгөчө көңүл бурат.

Айлана-чөйрө

Айлана-чөйрө

Институттун саясаты уюмдун кандайдыр бир иш-аракеттерин жүргүзүүдө айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууну эске алат.

ИНСТИТУТ МЕНЕН ИШТӨӨДӨГҮ АРТЫКЧЫЛЫКТАР

Мамлекеттик мекемелер менен өнөктөштүк

Биздин ишибиздин натыйжалары билим берүү, эмгек, иш менен камсыз кылуу, саламаттыкты сактоо, маданият жана башка маселелерди жаштардын кызыкчылыгына чечүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик өнөктөштөр менен кызматташуу аркылуу ишке ашат.

Баарына тиешелүү чечимдер

Бардык кызыкдар тараптардын катышуусуна негизделген мамиле адам укуктарына таянган чечимдерди иштеп чыгууга, стигма менен дискриминацияны ар кандай негизде жок кылууга жардам берет.

Узак мөөнөттүү таасирлери менен демилгелер

Институт узак убакыт бою жаштардын кызыкчылыктарына жана муктаждыктарына жооп берген мамлекеттик саясаттын механизмдерине интеграциялайт.

Региондорго кирүү

ЖӨИ жаштардын программаларын ишке ашырууга, өлкөнүн 100дөн ашык муниципалитеттеринде системалуу негизде жаштар менен иштөөнү уюштурууга эксперттик колдоо көрсөтөт.

Окутуу үчүн мамлекеттен уруксаат

Институт Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана Илим Министрлиги тарабынан билим берүү ишмердүүлүгүнө лицензия алган жана 9 жылдан бери ар кандай тармактарда билим берүү, консультациялык, аналитикалык жана насаатчылык кызматтарын көрсөтүп келет. Долбоорлордун жана программалардын жардамы менен ЖӨИ уюштуруу баалуулуктарын жана принциптерин жетекчиликке алып, көптөгөн маселелерди чечет.

Эл аралык тажрыйба жана кызматташуу

Институт эл аралык мамилелерге өзгөчө көңүл бурат, ошондуктан чет өлкөлөрдүн жаштар тармагында ишкердик тармагы бар, бул тажрыйба алмашууга жана эң мыкты тажрыйбаларды улуттук саясаттын алкагында колдонууга жана жаштар менен иштөөгө мүмкүндүк берет.

Жаш лидерлердин кесиптик тармагы

Тогузунчу жыл бою өткөрүлүп келе жаткан билим берүү иш-чаралары жана үзгүлтүксүз билим берүү курстары 20 жаш улуттук жана эл аралык консультанттардан жана жаштар менен иштөө тажрыйбасы бар өнөктөштөрдөн турган топту түзүп, аны жаш лидерлердин жаңы муунуна өткөрүп беришти.

Заманбап чечимдер

Жаштарды маанилүү коомдук иштерге тартуу максатында, ЖӨИ иштин прогрессивдүү моделин колдонот, Кыргыз Республикасындагы жана дүйнө жүзүндөгү жаштарды лидерлик сапаттарын өркүндөтүүгө, жарандык жоопкерчиликти жана кырдаалды өзгөртө турган иш-аракеттерди кабыл алууга үндөйт. ЖӨИ тарабынан иштелип чыккан жана ишке ашырылып жаткан жаңы долбоорлор жана формалдуу эмес кошумча билим берүүнүн натыйжалуу методикасы жаш лидерлерге жана адистерге жаштар менен иштешүүнү үйрөтөт.

Институттун жетишкендиктери

- 9 жыл үзгүлтүксүз ишмердүүлүк;
- 100дөн ашык ишке ашкан долбоорлор;
- 25 туруктуу кызматкер;
- Мамлекеттик мекемелер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен 60 меморандум;
- 27 эл аралык кызматташуу келишимдери түзүлгөн өлкөлөр;
- “ИРМ Салым” жеке микрокредиттик компаниясы;
- Адистештирилген китепканалык фонду бар жеке кеңсе;
- "IRM Plus" жеке басмаканасы.

Биздин команда

Биздин адистер сизге жардамчы болушат

Мадина Саркулова

Мадина Саркулова

Аткаруучу Директору
Зарина Узбекова

Зарина Узбекова

Программалык Директору
Бегимай Жунусова

Бегимай Жунусова

Долбоордун координатору 
Гульзат Эргешбаева

Гульзат Эргешбаева

Долбоордун координатору 
Айзада Жусуйева

Айзада Жусуйева

Долбоордун координатору
Айгуль Ибраева

Айгуль Ибраева

PR - адис
Анапия Касымбекова

Анапия Касымбекова

Контент - менеджер
  Julia Nicksch

Julia Nicksch

Фандрайзинг боюнча эл аралык консультанты
Чолпонай Талантбек кызы

Чолпонай Талантбек кызы

Программалык Ассистент
Гульмира Койбагарова

Гульмира Койбагарова

Каржы менеджери
Дамира Кулмамбетова

Дамира Кулмамбетова

Бухгалтер - кассир

Ийгиликтин тарыхы

#DILGIRCHUY жаш лидерлерди окутуу курсунун бүтүрүүчүсү (2017-2018гг.) - Бейшебаев Нурсултан

#DILGIRCHUY жаш лидерлерди окутуу курсунун бүтүрүүчүсү (2017-2018гг.) - Бейшебаев Нурсултан

#DILGIRCHUY жаш лидерлерди окутуу курсунун бүтүрүүчүсү (2017-2018гг.), Бейшебаев Нурсултан, 26 августу 2019 жылы Кыргызстан эл ассамблеясынын жаштар канатынын торагасы болуп чыкты жана 20 феврал 2020 жылы Гавриловка айылдык кеңешинин торагасы болду! 

Жаштырды Өнүктүрүү Институтунан өтүп чыккан жаштар менен абдан сыймыктанабыз! Жаштарды өнүктүрүү менен өлкөнү өнүктүрүп келебиз!

БИЗДИН ӨНӨКТӨШТӨР

ЖӨИ негизги мамлекеттик органдар жана эл аралык уюмдар менен тыгыз иштешет.

Soros
UNFAP
Парламент
Gig