Жаштар үчүн жаркын келечек

Долбоор эмнеге багытталган?

Жаштардын экономикалык жана коомдук жашоого катышуусуна багытталган саясатты жана чараларды жакшыртуу. Ишке ашыруу мөөнөтү: 2019-2022 жылдар. Долбоор 4 облуста 20 өнөктөш шаар жана айыл өкмөттөрдү камтыйт. Ысык-Көл облусунда: Каракол жана Балыкчы шаарлары, Күн-Чыгыш, Теплоключенка, Түп, Кереге-Таш айыл өкмөттөрү.
Нарын облусунда: Нарын шаары; Баетов, Ак-Тал, Ак-Кыя, Миң-Куш айыл өкмөттөрү.
Талас облусунда: Талас шаары; Ак-Чий, Үч-Коргон, Ак-Дөбө, Арал айыл өкмөттөрү.
Чүй облусунда: Орловка шаары, Маевка, Новопавловка, Красная Речка айыл өкмөттөрү.

Долбоордун алкагында буга чейин жеткен жетишкендиктерди, жаштар секторундагы мамлекеттик жана жаштар коомдук уюмдарынын потенциалын бекемдөөгө жана алардын туруктуулугуна өзгөчө көңүл бурулат. Ошону менен бирге долбоор активдүү кызматташтыкты, жаштар ӨЭУнын, жеке сектор жана жарандык коом ортосундагы билим жана тажрыйбаларды алмашууну улуттук жана жергиликтүү денгээлдерде колдойт.

Долбоордун негизги багыттары:
1. Долбоор улуттук деңгээлде жаштардын маселелери боюнча секторлор аралык кызматташтыкты бекемдөөгө колдоо көрсөтөт. Бул кызматташтык мамлекеттик мекемелердин, министрликтердин жана башка кызыктар тараптар арасындагы адам ресурстарын каржылоо жаатында өз ара аракеттешүүнү бекемдейт.
2. Долбоор жергиликтүү деңгээлде өнөктөш-муниципалитеттер (шаар мэриялары жана айыл өкмөттөр) жана жаштардын ӨЭУ ортосундагы баарлашуусунун өнүгүүсүн колдойт.
Мисалы, жаштарга арналган кызматтарга бюджеттик каражаттарды бөлүштүрүү үчүн биргелешкен талкуулар өтөт, ал жерде жаштар активдүү катышып жана өздөрүнүн көз-
карашын айтышат. Буга чейин аткарылып калган иштердин жыйынтыгында, көпчүлүк учурларда муниципалитеттердин социалдык-экономикалык өнүгүү программаларына
жаштарды өнүктүрүү стратегиялары кошумча бөлүм катары киргизилүүдө.
3. Жакшы натыйжаларга жетүү үчүн долбоор жергиликтүү, регионалдык жана улуттук өнөктөштөрдүн потенциалын (мүмкүнчүлүктөрүн) өнүктүрүүгө көңүл бурат. Бул жаштар
жана жаштар маселеси боюнча адистер үчүн тастыкталган тренингдерди колдоо аркылуу жүзөгө ашырылат. Тренингдер теория менен практиканы айкалыштырат жана жаштар
саясаты, жаштардын укуктары, фандрайзинг, социалдык долбоорлоо жана башка көптөгөн темаларды өзүнө камтыйт. Тренингдерди өткөрүп баштагандан бери 100дөн ашуун
жаштар менен иш алып баруу адистери жана 280 жаштар лидерлер аталган окуудан өтүштү.
4. Жаштардын жумуш менен камсыз кылууну колдоо үчүн жаштар ӨЭУ иштеп чыккан жана жүзөгө ашырган долбоорлору колдоого алынат. Бул долбоорлор жаштардын арасында
кесиптик багыт берүүгө жана көндүмдөрдү өнүктүрүүгө арналышат. Финансылык колдоодон тышкары, «Жаштар учун жаркын келечек» долбоордун жүзөгө ашыруусун
башынан аягына чейин консультациялык жана насаат жардамын берет, долбоордун башталышынан баштап бүткөнгө чейин. 2017-жылдан баштап 500дөн ашуун жаштар
өздөрүнүн долбоорлорун ишке ашырышты жана ошол аркылуу үйрөнгөн көндүмдөрүн колдоно алышты.

Долбоордун негизги өнөктөштөрү:
«Жаштар үчүн жаркын келечек» долбоору Германия Өкмөтүнүн тапшырмасы боюнча Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH (Германия эл аралык кызматташуу коому) менен ишке ашырылат. Долбоордун негизги саясий өнөктөш өнөктөшү бул - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги. Андан сырткары, долбоор «Жаштар өнүктүрүү институту» коомдук бирикмеси, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (ЖӨБ) жана Ысык-Көл, Нарын, Талас жана Чүй облустарындагы жергиликтүү жаштар уюмдары менен тыгыз кызматташат.




Поделится: