Жаштарды өнүктүрүү институту жаштарды модулдук окутуу "Дилгир" курсунун бүтүрүүчүсү Элдор Далиев.

02.06.2020
Жаштарды өнүктүрүү институту жаштарды модулдук окутуу "Дилгир" курсунун бүтүрүүчүсү Элдор Далиев, Исфана шаарынын жаштар жаатындагы иштери жөнүндө кеп салганын назарыныздарга салат.

““Исфана жаштары” борбору онлайн тартипте иштеп жатат. Азыркы учурда Исфана жаштар борбору мүчөлөрү: Хабибуллаев Зиёдулло, Абдурахманов Шарабиддин, Далиев Элдор, Айзирек Бекеева.

Исфана шаарынын жаштары үчүн азыркы учурда бир канча пайдалуу иш-чаралар уюштурулууда. Мисал катары:
+ Чет тилдерин үйрөнүү боюнча акылуу жана акысыз онлайн курстар
+ ЖРТ-Жалпы Республикалык тестке даярдануу үчүн акылуу жана акысыз онлайн курстар
+ Жаш мугалимдер үчүн “Заманбап мугалим” онлайн курсу
+ Исфана шаарындагы “Самат Садыков” атындагы парк Исфана шаар мэриясынын жана “Сорос Кыргызстан” фондун колдосуу менен реконструкция кылынып жатат. Бул долбоордун аталышы “Укук бар жерде мүмкүнчүлүк бар” деп аталат. Долбоорду Абдурахманов Шарабиддин иштеп чыккан жана колдоо тапкан.
+ Isfanacity.kg – Исфана шаар мэриясынын сайты Шаар мэриясы жана Абдурахманов Шарабиддин долбоору менен ишке түшту. Азыркы учурда сайт жемиштүү иштеп жатат. Жаштар үчун жаңылыктар дагы сайт аркылуу жарыяланат.
+ Жаштардын интелектин өнүктүрүү үчүн “Акылман” интеллектуалдык оюну ар дайым өткөрүлөт.
+ Мыкты окурман онлайн жана офлайн конкурсу дагы дайым уюштурулат.
+ Исфана жаштары арасында “Онлайн талант шоу” дагы өткөрүлөт.
+ 1-июнь күнүнө карата Исфана шаар мэриясы менен биргеликте Жаштар арасында “Баарын билем” аталышындагы онлайн конкурс уюштуруп жатабыз. 30 номинация боюнча сыйлыктар бар. Жыйынтык 8-июнь күнү чыгарылат.
+ Исфана жаштарын өнүктүрүү боюнча Жаштарды өнүктүрүү институту ПРООНдун жана Япония өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен пилоттук аймактарда жаштар демилгелерин колдоо боюнча сынак жарыялаган. Биз командабыз менен Исфана жаштарын өнүктүрүү боюнча командабыз менен долбоор даярдап жибердик. Биздин долбоор “Жаңы технологияларды туура жана максаттуу колдонуу” боюнча иштелип чыккан. Заманбап технологияларды онлайн жана офлайн тартипте үйрөтөбүз.

Командабыз менен мыкты деңгээлде иштөө үчүн өз пландарыбызды түзүп аракет кылып жатабыз."

Поделится:


Артка кайтуу