06.05.2020

Жаштарды өнүктүрүү институту коомдук фонду Кыргыз Республикасында төртүнчү чейрек ичинде мектеп окуучуларынын аралыктан билим алуу мүмкүнчүлүгүнө жана сапатына мониторинг жүргүзөт. Мониторингдин натыйжалары аралыктан окутуунун сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатат.

Кыргызстанда COVID-19дун жайылуу коркунучунан улам, өлкөнүн мектептериндеги бардык окуучулар 2020-жылдын 8-апрелинде башталган төртүнчү кварталдын аралыгында аралыктан билим берүүгө өтүштү.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү процессин алыскы формада уюштуруунун планын иштеп чыккан, бирок буга карабастан, окутуунун ушул формасынын натыйжалуулугуна, сапатына жана жеткиликтүүлүгүнө байланыштуу бир катар суроолор жаралууда.

Ушуга байланыштуу, Жаштарды өнүктүрүү институту коомдук фонду төртүнчү чейрек ичинде мектеп окуучуларынын аралыктан билим алуу мүмкүнчүлүгүнө жана сапатына мониторинг жүргүзөт. Мониторингдин натыйжалары аралыктан окутуунун сапатын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатат.

Мониторинг респонденттердин толук анонимдүүлүгүнө негизделген мектеп окуучуларын, алардын ата-энелерин жана мугалимдерин сурамжылоо жолу менен жүргүзүлөт.

Жаштарды өнүктүрүү институту ата-энелерди, окуучуларды жана мугалимдерди бул сурамжылоого катышып, дистанттык билим берүүнүн сапатын жогорулатууга салым кошууга чакырат.

Сурамжылоого катышуу үчүн шилтеме менен өтүңүз!



Поделится:


Артка кайтуу