31.03.2020
Рысманов Авас. #DILGIRCHUY жаш лидерлерди окутуу курсунун бүтүрүүчүсү (2017-2018гг.)

«Өзгөрүүлөр - кээ бир биздин идеялар жүзөөгө ашпасын же ал нерселердин кереги жок экендигине башка көз караш болуп, чоңойдук десек болот. Жылдап калыптанган көз карашты, реформалоо оор, ал эми жаштарга азыр, жигердүү жыйынтыктары бар өзгөрүүлөрдү иштерди жоопкерчиликти керт башына алышып, тобокелчилик менен киришип кетет.
Бийликте отургандар, алардын көз карашы, адамдык сапат, акча каражат, убакыт деги эле көптөгөн факторлор ишти жүргүүзүдө өз таасирин берет. Ар бир аймактын жаштар менен иштөөдө өз өзгөчүлүктөрү бардыр, ал жердин шартына, айлана чөйрөсүнө, муктаждыктарына жараша.

2017-2018 жылдардагы «Дилгир» жаштарды модулдук окутуу курсунда алган дем- күч, билим менен «Жаңы формат жаштар борбору» өзүн юридикалык жактан тастыктады. Бул нерсе менен бирдикте, логотиптен баштап, максат жана милдеттер, деги эле жаштар менен иш алып баруунун жаңы нугу кирди.
1965 жылы Совет доорунда салынган айылдын клубунда Жаштар борбору пайда болду, ачылуу аземин өткөрдүк. Бул объект айыл өкмөттүн карамагында, бирок пайдаланылбай келген жана ага көз артып жүргөндөр да болгон. Эски объект деп сурдуруп салып, жер тилкеси катары сатылмак, андай көрүнөштөр бизде көп болгон.
Биз өзүбүз күтбөгөн ийгиликке кандай жеттик?

Окуу башталгандан баштап, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү менен «Галстуксуз» форматында жаштар менен кезигүүлөрдү өткөзүп баштадым, улам барган сайын кызыгуу, диалог анан шериктештик пайда боло баштады. Жаштардын муктаждыктарын угуп, алар менен иштөө керектигин жеткире баштадык, анан мына жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органы имаратты гана бербестен ал жердин жасап түзөө иштеринда жергиликтүү бюджеттен колдоп берди.
Эки жарым жыл аралыгында канчалаган долбоорлордун айыл аймагында гана эмес райондук, мамлекеттик денгээлдегилердин аткаруучусу, ал эми бизге келген жаштарды саны эсепсиз. Бүгүнкү күндө күжүрмөн иштеп бизде ыктыярчылар тобу, фитнес жим залы, бий студиясы, дебаттык клуб, жоо туризм клубу бар. Кичи чакан китепканабыз иштеп, жаштарга кеңеш берүү жана ар тараптуу окутууларды өз күчүбүз менен өткөруп келебиз. Келечекте биздин кызматтар менен өзүн өзү каржылоо системасына өтсөк деген максаттарыбыз бар, бул оор, бирок жетүү мүмкүн.
Ооба, бизде эмне гана болгон жок, өрт чыкты, уруу кирди, каражаттын жетишпестиги бир эле коомуналдык төлөмдөр 70 000 сом, ар бирибиздин үй булообуз бар, бирок ага карабастан биз бүгүн иштеп келебиз, Көптөгөн жергиликтүү ишкерлер айтат, бизнес тургуз анан иш алып бар бул жаатта деп, бирок биз билебиз жана ишенебиз жаштардын жаркын келечеги үчүн бүгүн аракет кылыш керек жана биз туура бартканыбызды.»

#ИРМдляМоложежи #ИРМ #ПерспективыДляМолодежи #GIZ #ЖаштарҮчүнЖаркынКелечек

Поделится:


Артка кайтуу