Бишкекте жарандык катышуу жана шайлоо процесстери боюнча ToT программасынын окуу этабы аяктады
Бишкекте жарандык катышуу жана шайлоо процесстери боюнча ToT программасынын окуу этабы аяктады

📍 Бишкекте жарандык катышуу жана шайлоо процесстери боюнча жаш тренерлерди даярдоого багытталган ToT (Training of Trainers) программасынын окутуу этабы жыйынтыкталды. Программа Жаштарды өнүктүрүү институту тарабынан Бишкектеги ЕККУнун Программалык кеңсесинин колдоосу менен ишке ашырылууда.
Үч күндүн ичинде катышуучулар жаңы билимдерди өздөштүрүү менен катар практикалык тапшырмалар, командалык иштер жана өздөрүнүн мини-тренингдерин өткөрүү аркылуу тренерлик көндүмдөрүн өнүктүрүштү.
Программанын ар бир күнү тажрыйба алмашууга, ачык диалогго жана биргелешип чечим издөө мүмкүнчүлүгүнө айланды. Дал ушундай формат келечектеги тренерлерге жаңы билим алууга гана эмес, аны башкаларга натыйжалуу жеткирүүгө да жардам берет.
Алдыда программанын кийинки этаптары күтөт. Анда катышуучулар өз компетенцияларын мындан ары өнүктүрүп, алган билимдерин практикада колдонууга мүмкүнчүлүк алышат.
Кыргызстанда жарандык катышууну өнүктүрүүгө салым кошууга даяр жаш тренерлердин күчтүү коомчулугун түзүүгө кошкон салымы үчүн бардык катышуучуларга, тренерлерге жана өнөктөштөргө терең ыраазычылык билдиребиз.
- Жаштарды өнүктүрүү менен өлкөнү өнүктүрөбуз
- JASHTAR.ORG
- Жаштарды өнүктүрүү институту