image

#ИРМЖАШТАРYЧYН

Биз жөнүндө

Кыргызстандын жаштарынын туруктуу өнүгүүгө активдүү катышуусу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү.

image
image

Биз кимбиз?

«Жаштарды өнүктүрүү институту» коомдук фонду — Кыргыз Республикасында жаштар демилгелерин системалуу колдоого, жаштар саясаты боюнча экспертизаны жүргүзүүгө жана жаштар коомчулугун институционалдык бекемдөөгө адистешкен алдыңкы коммерциялык эмес уюм.

«Жаштарды өнүктүрүү институту» 2011-жылы түзүлгөн жана ошол убактан бери мамлекеттик структуралар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана эл аралык уюмдар менен жаштардын потенциалын ачуу жаатында негизги өнөктөш болуп келет

image

Ишмердүүлүктүн стратегиялык багыттары

Жаштарды өнүктүрүү институтунун ишмердүүлүгү жаштардын ар тараптуу өнүгүүсүнө жагымдуу чөйрөнү түзүүгө төмөнкү механизмдер аркылуу багытталган:

Жаштардын кызыкчылыктарын ар кандай деңгээлдеги чечим кабыл алуусуна илгерилетүү:

Эл аралык, улуттук жана жергиликтүү деңгээлде жаштардын кызыкчылыктарына тиешелүү ченемдик-укуктук базаны түзүүгө жана өркүндөтүүгө катышуу.

Институционалдык өнүгүү:

Аймактарда жаштардын социалдык жана билим берүү кызматтарына жетүүсүн камсыз кылган жаштар борборлорун, кеңештерин жана башка аянтчаларды түзүү жана алардын иштешине көмөк көрсөтүү.

Изилдөө ишмердүүлүгү:

Жаштар чөйрөсүнүн абалына аналитикалык изилдөөлөрдү жана мониторинг жүргүзүү, анын ичинде Жаштардын бакубаттуулугу жана өнүгүү индекси ,жаштар боюнча “Ак китеп” ж.б.

Жарандык билим берүү:

Сынчыл ой жүгүртүү, медиа сабаттуулук, лидерлик жана чечим кабыл алуу процесстерине катышуу принциптерин үйрөтүү боюнча узак мөөнөттүү программаларды ишке ашыруу.

Видеоролик

Жаштарды өнүктүрүү институтунун командасы

Жаштарды өнүктүрүү институтунун командасы жаштар саясатын түзүү жана ишке ашыруу чөйрөсүндө кеңири тажрыйбага ээ профессионалдардан турат.

image
image
image

Ийгилик тарыхы

ДИЛГИР жаштар лидерлеринин окуу курстары - Бейшебаев Нурсултан

2018-жылкы 'Дилгир' жаштар лидерлеринин модулдук окуусунун бүтүрүүчүсү Бейшебаев Нурсултан 2019-жылдын 26-августунда Кыргызстан элдер ассамблеясынын жаштар канатынын төрагасы болуп, ал эми 2020-жылдын 20-февралында Гавриловск кеңешинин төрагасы болуп дайындалды!

ЖӨИнин долбоорлорунан өткөн балдардын ийгиликтерин көрүү абдан жагымдуу! Анткени, жаштарды өнүктүрүү менен өлкөнү өнүктүрөбүз!

image

Институт менен иштөөнүн артыкчылыктары

Биз жаштардын өсүшүнө жана идеяларын ишке ашыруусуна жардам берген программалар, окуулар, гранттар жана мүмкүнчүлүктөр жөнүндө жаңылыктарды үзгүлтүксүз бөлүшөбүз.

Узак мөөнөттүү таасири бар демилгелер

Институт мамлекеттик саясатка жаштардын кызыкчылыктарына жана муктаждыктарына узак убакыт кызмат кылган механизмдерди интеграциялайт.

Мамлекеттик институттар менен өнөктөштүк

Иштерибиздин жыйынтыгы билим берүү, эмгек, жумуш менен камсыз болуу, саламаттыкты сактоо, маданият жана жаштардын кызыкчылыгындагы башка маселелерди чечүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик өнөктөштөр менен кызматташуунун эсебинен жетишилет.

Ар бир адамга тиешелүү чечимдер

Бардык кызыкдар тараптардын катышуусуна негизделген мамиле адам укуктарына таянган, кандайдыр бир белгилер боюнча стигманы жана дискриминацияны жокко чыгарган чечимдерди иштеп чыгууга жардам берет.

СУРООЛОР КАЛДЫБЫ?

Биздин байланыштар

  • Жаштарды өнүктүрүү менен өлкөнү өнүктүрөбуз
  • JASHTAR.ORG
  • Жаштарды өнүктүрүү институту
  • Жаштарды өнүктүрүү менен өлкөнү өнүктүрөбуз
  • JASHTAR.ORG
  • Жаштарды өнүктүрүү институту
  • Жаштарды өнүктүрүү менен өлкөнү өнүктүрөбуз
  • JASHTAR.ORG
  • Жаштарды өнүктүрүү институту
  • Жаштарды өнүктүрүү менен өлкөнү өнүктүрөбуз
  • Жаштарды өнүктүрүү менен өлкөнү өнүктүрөбуз
  • JASHTAR.ORG
  • Жаштарды өнүктүрүү институту
  • Жаштарды өнүктүрүү менен өлкөнү өнүктүрөбуз
  • JASHTAR.ORG
  • Жаштарды өнүктүрүү институту
  • Жаштарды өнүктүрүү менен өлкөнү өнүктүрөбуз
  • JASHTAR.ORG
  • Жаштарды өнүктүрүү институту
  • Жаштарды өнүктүрүү менен өлкөнү өнүктүрөбуз
Об институте — Институт развития молодежи Кыргызстана