Ош шаарында жарандык катышуу жана шайлоо процесстери боюнча ToT программасынын биринчи этабы аяктады
Ош шаарында жарандык катышуу жана шайлоо процесстери боюнча ToT программасынын биринчи этабы аяктады

📍 Ош шаарында жарандык катышуу жана шайлоо процесстери боюнча жаш тренерлерди даярдоого багытталган ToT (Training of Trainers) программасынын окутуу этабы жыйынтыкталды.
Үч күндүн ичинде Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген катышуучулар жарандык катышуунун, мамлекеттик башкаруунун жана шайлоо процесстеринин негиздерин үйрөнүп, коммуникация, фасилитация жана жаштар менен иштөө боюнча көндүмдөрүн өнүктүрүштү.
Окутуу интерактивдүү форматта өтүп, топтук иштерди, практикалык тапшырмаларды, талкууларды жана тажрыйба алмашууну камтыды.
Бул программанын бир гана этабы. Алдыда катышуучуларды тренерлик көндүмдөрдү өнүктүрүүгө жана өз алдынча иш алып барууга даярдоого багытталган кийинки окуу этабы күтөт.
Программа аяктагандан кийин катышуучулар алган билимдерин өз жамааттарында тренингдерди жана билим берүү иш-чараларын өткөрүү аркылуу практикада колдоно алышат.
Бардык катышуучуларга жигердүү катышуусу, кызыгуусу жана Кыргызстандагы жаштардын жарандык катышуусун өнүктүрүүгө болгон умтулуусу үчүн ыраазычылык билдиребиз.
- Жаштарды өнүктүрүү менен өлкөнү өнүктүрөбуз
- JASHTAR.ORG
- Жаштарды өнүктүрүү институту