"Жаштар арасындагы жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы турууда эл аралык кызматташтык" жаштар уюмдарынын форуму

Долбоор эмне үчүн маанилүү?

Иш-чаранын программасында пленардык отурумдар жана жаш лидерлердин кызматташуусунун келечектүү багыттары боюнча олуттуу талкуулар камтылды, мисалы: коопсуздук чөйрөсүндөгү коркунучтар жана чакырыктар; жаштар арасында радикализмдин жана зордук-зомбулуктун идеологиясынын жайылышы; улуттар аралык жана диндер аралык чыр-чатактар; региондо айлана-чөйрөнүн бузулушу жана экологиялык коопсуздук; миграциялык процесстер жана алардын жаштардын иш менен камсыз болушуна тийгизген таасири, ошондой эле биргелешкен планды иштеп чыгуу боюнча семинар.

Форумдун алкагында, жаштар уюмдарынын өкүлдөрүнө жаштар уюмдарынын эл аралык формалдуу эмес тармагын түзүүгө чакырылды, бул өлкө аралык долбоорлорду биргелешип жүзөгө ашыруу жана жаштар арасында жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу боюнча эл аралык кызматташтыкты кеңейтүү болуп саналат.

Долбоордун максаты - жаштарга байланыштуу жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу үчүн жаштардын эл аралык кызматташтыгын чыңдоо.

Долбоордун узактыгы:
2019-жылдын 23-апрелинен 25-апрелине чейин.

Долбоордун негизги өнөктөштөрү:
Горчаков фондунун колдоосу менен Кыргызстандын жаштар уюмдарынын ассоциациясы менен биргеликте

Долбоордун координатору:
Назик Мамасадыкова - nmamasadykova@jashtar.org


Поделится: