Жаштардын демилгелерин колдоого сынак!

Жаштарды өнүктүрүү институту ПРООНдун жана Япония Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен пилоттук айылдарда жана шаарларда жаштардын демилгелерин колдоого сынак жарыялайт.

Бардык колдоого алынган жана ишке ашырылган демилгелер жергиликтүү деңгээлдеги коронавирустук инфекциянын таралышынан келип чыккан социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет жана убактылуу кыйынчылыктарды жеңүүгө көмөктөшөт деп үмүттөнөбүз.

Өтүнмөлөр эмнелер жөнүндө болушу керек:
- долбоорлор жергиликтүү жаштарды социалдык-экономикалык жактан колдоого багытталышы керек;
- маалыматтык жана билим берүү иш-чаралары;
- COVID-19 вирусунун жайылышын алдын алуу жана алдын алуу боюнча чаралар;
- жерди жакшыртуу жана тазалоо;
- жумуш орундарын түзүү жана кесиптерге жаштарды даярдоо.

Максаттуу айылдар жана шаарлар:
- Кара-Балта ш., Чүй
- Арча-Бешик жаны конушу, Бишкек ш.
- Балыкчы ш., Ысык-Кол
- Кочкор а., Нарын
- Кара-Буура а., Талас
- Базар-Коргон а., Жалал-Абад
- Сузак а., Жалал-Абад
- Чек-Абад а., Ош
- Нариман а., Ош
- Исфана ш., Баткен

Жаштар уюмдары, жаш лидерлер, расмий эмесдемилгелүү жаштар топтору жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары сынакка катышууга чакырылат.

Өтүнмөнү тапшырып, идеяңызды ишке ашыруу үчүн мумкунчулукко ээ болунуз!

Өтүнмөнүн формасы.

Кызыкдар тараптарга толтурулган форма 2020-жылдын 20-майына чейин ybd@jashtar.org электрондук дарегине тапшырылышы керек.

Суроолоруңуз болсо, төмөнкү телефондогу адистерге кайрыла аласыз: +996 553 437008 Эля Калыбаева же +996 777 790790 Эркинай Таалайбекова