15.02.2023

15-февралда саат 15:00дө Zoom платформасында 2022-жылы КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан бекитилген «Адам жана Коом» сабагы боюнча 5–11-класстар үчүн жаңы стандартты киргизүү боюнча талкуу болот. Онлайн талкуулоонун жүрүшүндө эксперт-иштеп чыгуучулар жана Кыргыз билим берүү акададемиясынын адистери Стандарттын мазмунун түшүндүрүп жана онлайн конференциянын катышуучуларынын суроолоруна жооп беришет.

 Жаңы стандартты киргизүүнүн натыйжасында Кыргызстандын окуучулары эркин жана ачык коомдун жигердүү жараны болуу көндүмүн түшүндүргөн «Кыргыз жараны» мамлекеттик концепциянын алкагында окуучулардын инсандык калыптануусуна багытталган билимди ала алышат. Учурда аталган предметтик стандарт Кыргызстандын мектептеринин милдеттүү окуу планына киргизилип жатат. Жакынкы арада КР Билим берүү жана илим министрлиги жаңы документке ылайык окуу материалдарын иштеп чыгууга сынак жарыялайт.

Стандартты иштеп чыгуу үчүн «Адам жана коом» окутуучуларынан, психологдордон, саясат таануучулардан, илимий кызматкерлерден, жарандык коомдун өкүлдөрүнөн жана жарандык билим берүү боюнча адистерден турган эксперттердин жумушчу тобу түзүлүп, алынган натыйжанын үстүндө эки жылга жакын эмгектеништи. Бул ишмердүүлүк Кыргыз билим берүү академиясы (КБА) менен кызматташтыкта «Сорос-Кыргызстан» Фондунун колдоосунда «Жаштарды өнүктүрүү институту» тарабынан демилгеленген.

 ЖӨИни консультанты Ажара Касымалиева белгилегендей: Мурдагы Предметтик стандарт өзүнүн актуалдуулугун жоготту жана аны жакшыртуу керек. Анын ичинде сабакка жалпы мамиле өзгөрдү, мурда 5–9-класстар жана 10–11-класстар үчүн өз алдынча эки стандарт болгон, эми 5–11-класстар үчүн бирдей Стандарт болот. Бул тематикалык багыттардын бири-бирин улантуучулугун камсыздоо мүмкүндүгүн түзөт жана окуучулар үчүн билим берүүнүн жыйынтыктарына натыйжалуу жетүүгө мүмкүнчүлүк түзөт”.

 Эски Стандартта медиа жана финансылык сабаттуулук, экономика, туруктуу өнүгүү жана жашыл керектөө боюнча мазмундуу багыт болгон эмес, ошондой эле адам укуктары үстүртөн гана чагылдырылган. Ушул учурлардын бардыгы жаңы Предметтик стандартты түзүүдө эске алынды жана бүгүнкү күндө бул тематикалар “Адам жана Коом” сабагын окутууда милдеттүү болуп саналат.

 Ажара Касмалиева «АжК» көп курамдуу сабак экендигин, инсандык жана өзүн-өзү таануу, коомдук көп түрдүүлүк, адам укуктары, мамлекеттик түзүлүш жана укук системасы, ошондой эле экономика, экология жана туруктуу өнүгүү маселелери сыяктуу бир нече тематикалык бөлүмдөр камтылгандыгын дагы айтты. Стандартта сабакты окуунун натыйжасында окуучулар эмнелерди билиши жана жасай алышы керектиги баяндалган. Ал “АжК” сабагын окуткан мугалим үчүн дагы, окуучулар үчүн окуу китебин иштеп чыккан авторлор үчүн дагы база болуп саналат.

 “Жаштарды өнүктүрүү институту” КФсы эксперттердин жумушчу тобуна жана Кыргыз билим берүү академиясына “Адам жана Коом” сабагы боюнча ушул Предметтик стандартты иштеп чыгууга жана алга жылдырууга активдүү катышкандыгы, мектеп окуучулары жана жаштар арасында жарандык билим берүүнү өнүктүрүүнү жактоочулугу үчүн чын дилден ыраазычылыгын билдирет. 

Маалымкат: Азыркы учурда Кыргызстандын мектептеринде “АжК” сабагын жаңы Стандарттын талабына жооп бербеген эски билим берүү материалдары боюнча өтүү улантылууда, ошол себептен “Адам жана Коом” сабагын окутуунун материалдарын жана ыкмаларын жаңылоо боюнча узартылган иш алдыда турат, бирок процесс ишке киришти, “Жаштарды өнүктүрүү институту” КФсы тарабынан жаңы Стандартка ылайык 7–8-класстар үчүн “АжК” сабагы боюнча окуу-усулдук комплекси иштелип чыкты, эми алдыда ОУКту апробациялоо жана Кыргызстандын мектептерине жайылтуу боюнча иштер турат.

 



Поделится:


Артка кайтуу