Жаштарды өнүктүрүү институту жаштар менен иш алып баруучу адистердин ийгиликтери менен бөлүшүүгө кубанычта!

02.06.2020
Жаштарды өнүктүрүү институту жаштар менен иш алып баруучу адистердин дараметин жогорулатуу  курсунун бүтүрүүчүсү Бектемирова Кенжегул, Нарын районунун, Миң булак айыл өкмөтүндөгү иштери менен бөлүшөт.

“Учурдагы кырдаалга байланыштуу 8-апрелден баштап, Кыргызстандагы окуучулар 4-чейректин программасын аралыкта окуу форматына өтүштү. Окуучулар үчүн видео сабактар даярдалып телеканалдардан көргөзүлүп, мугалимдер ар кыл платформалар аркылуу байланыш түзүп окутуу процесси нукка салынды. Мына ушундай аралык окутууда окуучулардын сенсордук телефондору бар же жок экендиги боюнча мониторинг жүргүзүлдү. Кээ бир ата-энелер телефон жетишсиздигин, алып берүү үчүн акча каражаты тартыш экенин, айрымдары карантинге байланыштуу телефон алуу үчүн айылдан чыгууга мумкүнчүлүк жок экендигин билдиришкен. Анда 10 үй бүлөдө, жалпы мектеп жашындагы балдардын саны 26, жана аларга сенсордук телефон керек экендиги аныкталды. Окуучуларды интернет менен камсыз кылууда өлкөбүздөгү мобилдик операторлордун жардамы менен толук кандуу камсыздоо менен шарттар түзүлгөндүгү сүйүнтөт.
Жаштар менен бирдикте аралык окутуудагы көйгөйлөрдү үймө үй кыдырып изилдөөлөр жүргүзүлүп, муктаждыктар аныкталгандан кийин, 4 үй бүлөгө телевизор жардам катары берилди. Аз камсыз, көп балалуу 60 үй бүлөлөргө кыска мөөнөттүү окутуулар болуп, күнүмдүк азык-түлүктөр берилди. Даярдоо классынын окуучуларынан баштап, 11-классстын класс жетекчилерине бул оорунун келип чыгышы жана кесепеттери боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча класстык сааттар өтүлүп, учурунда план конспектилерди бекиттирүү керектиги милдеттендирилди."

Поделится:


Артка кайтуу