11-майдан 13-майга чейин Жаштар Академиясынын биринчи онлайн модулу жарандык активисттер жана саясий билим алууга кызыккан лидерлер үчүн өткөрүлөт.

12.05.2020
11-майдан 13-майга чейин Жаштар Академиясынын биринчи онлайн модулу жарандык активисттер жана саясий билим алууга кызыккан лидерлер үчүн өткөрүлөт.

Балдар 3 күндүн ичинде төмөнкү темаларды өтүшөт:
- Коом, идеология жана саясий партиялар;
- Кыргызстандагы саясий партиялар.

Теориялык бөлүктөн тышкары, саясат таануу, мамлекеттик башкаруу, экономика жана массалык маалымат каражаттары чөйрөсүндөгү практиктер менен тематикалык жолугушуулар өткөрүлөт.
Тренерлер катары Европа жана Борбордук Азиядан келген саясат таануучулар жана эксперттер чыгат!

Долбоордун максаты - активдүү лидерлердин потенциалын жогорулатуу аркылуу жаштардын шайлоо программаларына жана партиялык идеология процесстерине катышуусун активдештирүү.

Долбоордун максаттарынын бири - бул жаштарды мобилизациялоо жана рефлексия, жоопкерчиликтүү жарандыкты чагылдыруу үчүн зарыл болгон билимдерди жана көндүмдөрдү берүү үчүн, саясий билимдерди жана пикир алышуу жөндөмдөрүн бекемдөө, адамдын укугун жана эркиндигин түшүнүү үчүн саясий билим берүү академиясын түзүү. ________________________________________________
 Жаштар Академиясы, Жаштарды өнүктүрүү институту Фридрих Эберт Фонду менен биргеликте "Менин тандоом - менин келечегим" долбоорунун алкагында өткөрүлөт.

Бардык жаңылыктар жана мүмкүнчүлүктөр жөнүндө кабардар болуу үчүн биздин Telegram-каналга жазылыңыз!


Поделится:


Артка кайтуу