06.05.2020
Биз менен бирге бол!
Анткени биз “20 күн парламентаризм жөнүндө” аталышындагы публикациялардын сериясын чыгарабыз!

Серия өзунө бир нече рубрикаларды камтыйт:
- “Күндүн инсаны”. Бул рубрикада биз мамлекетибиздин түптөлүшүнө салым кошкон инсандар жөнүндө маалымат чыгарып, постту ошол адамга арнайбыз.
- “Укук жана мамлекет” викторинасы. Онлайн-викториналарды ойнотуп, уткандарга белектерди ыйгарабыз.
- “Агартуу”. Бул рубрикада элге биздин парламент жөнүндө видеоролик, фильмдерди сунуштайбыз.
- “Талкуу”. Бул рубрикада сиздерге талкуулоо үчүн актуалдуу темалар сунушталат. Мисалы, биринчи тема: “Макулсузбу же каршысызбы? Референдум жөнүндө эмне билесиз? ”
- Депутаттар менен түз эфирлер.
___
Долбоор «Жаштар үчүн ачык Парламент – Парламент, открытый для молодежи» Швейцария Өкмөтүнүн жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасынын каржылык колдоосу менен, КР Билим Берүү жана илим Министрлиги жана Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы менен биргеликте ишке ашырылып жатат.

Поделится:


Артка кайтуу