АР ТҮРДҮҮ БАГЫТТАРДА ОНЛАЙН КУРСТАРДЫ ИШТЕП ЧЫГУУ БОЮНЧА ЭКСПЕРТТЕРДИ ИЗДЕЙБИЗ!
Бүгүнкү күндө “Жаштарды өнүктүрүү институту” коомдук фонду онлайн билимин жигердүү жайылтууда жана онлайн курстарды иштеп чыгуу боюнча эксперттер арасында ачык конкурс жарыялайт!
Катышуу үчүн эмне кылуу керек?
- Бизге керектүү документтерди office@jashtar.org дарегине жөнөтүңүз;
- Темаңыз боюнча онлайн курсун иштеп чыгуу боюнча сунуштарды күтүңүз.
Максаттуу топ:
Жаштар, ошондой эле жаштар ишине тартылган адамдар.
Эксперттерге коюлган талаптар:
Сабактын темалары:
- Оратор чеберчилиги
- Адам укуктары
- Жарандык билим берүү, дүйнөлүк жарандык
- Саясий билим
- Сынчыл ой жүгүртүү
- Дизайн ой жүгүртүүсү
- Факттарды текшерүү
- Ийгиликтүү бизнести кантип баштоо керек
- Долбоорду башкаруу
- Фандрайзинг жана ресурстарды тартуунун башка заманбап формалары
- Финансылык сабаттуулук
- Юридикалык сабаттуулук
- Геймификация: оюн иштеп чыгуу
- Бизнес пландаштыруу
- Тренерлер үчүн тренингдер (TOT)
- Өзгөрүүлөрдү башкаруу жана инновация
Ошондой эле биз жаштар жана жаштар менен иштешкен адамдар үчүн башка актуалдуу, чыгармачыл темаларды иштеп чыгуу боюнча сунуштарды карап чыгууга даярбыз!
Кызыккан адистер төмөнкүлөрдү камсыз кылышы керек:
- Онлайн курстарын иштеп чыгууда керектүү квалификациянын жана тиешелүү тажрыйбанын бар экендигин тастыктаган документтердин топтому (мурунку иштердин портфолиосу);
- Мурунку иштин жана курстун темаларынын аталышы менен техникалык сунуш;
- Учурдагы резюме;
- Финансылык сунуш (бир курс үчүн сом / АКШ доллары).
Кызыкдар тараптарга документтер 2020-жылдын 10-майы күнү саат 18:00 чейин (GMT +6) office@jashtar.org почтасына тапшырылышы керек.
Кошумча маалымат алуу үчүн саат 9:30 дан 17:30 га чейин etaalaybekova@jashtar.org электрондук почта аркылуу, ошондой эле +996 (777) 790790 телефондору боюнча кайрылсаңыздар болот.
#ИРМжаштарүчүн
Поделится: