Бишкек шаары, Журнал көчөсү, 23А

office@dr.kg

+996 770 888 935

+996 770 888 435

Search form

“Жаштар үчүн жаркын келечек” долбоорунун алкагында жаштар саясаты жана жаштар менен иш алып баруу чөйрөсүндө иштеген жергиликтүү деңгээлдеги адистердин квалификациясын жогорулатуу курсуна катышуучулар арасында  конкурс жарыяланат!

“Жаштар үчүн жаркын келечек” долбоорунун алкагында жаштар саясаты жана жаштар менен иш алып баруу чөйрөсүндө иштеген жергиликтүү деңгээлдеги адистердин квалификациясын жогорулатуу курсуна катышуучулар арасында  конкурс жарыяланат! Окутуу Нарын,Талас, Чүй жана Ысык-Көл аймактарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерине багытталган.

Кыргызстандын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатууга арналган курс төмөнкү темаларды камтыйт: жаштар саясаты, жаштар менен иш алып баруу, административдик жол-жоболор, КРдин балдар жана жаштар укуктарынын негизиндеги адам укугу, чечим кабыл алуудагы жарандык катышуу, коом менен иштешүү жана коом алдына чыгып сүйлөө, жаңы медиа, долбоорду башкаруу, жаштарды өнүктүрүүдө жергиликтүү стратегиялар.

Адистер окутуунун комплекстүү курсунан өтүп, мамлекеттик үлгүдөгү сертификат алуу үчүн жарым жыл ичинде айына бир нече күнгө  Бишкек шаарына чакырылып турат. Аймактан келгендердин тамак-ашын, жашай турган жерин жана  жол кире акысын чакырган тарап камсыздайт.

Аталган окутуу Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH тарабынан каржыланып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу академиясы жана Жаштарды өнүктүрүү институту коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып келет.

Документтери кабыл алуу кыргыз жана орус тилдеринде жүргүзүлөт.

Катышуучуларды тандоо критерийлери:

  • Жаш курагы 21ден 55 жашка чейин;
  • Жогоруда аталган аймактардын жергиликтүү тургуну болуу;
  • Мамлекеттик/муниципалдык кызматкер болуу;
  • Жергиликтүү жаштар менен иш алып барууда тажрыйбанын болушу.

 

Эгерде Сиз жаштар менен иш алып баруу жана жаштар саясаты чөйрөсүндө өзүңүздүн портфолиоңузду кеңейткиңиз келсе, анда  толтурулган арызды кыргыз же орус тилинде толтуруп, office@jashtar.org  дарегине 2018-жылдын 30-августуна чейин саат 18.00дөн кеч эмес жөнөтүңүз.

Кошумча суроолор боюнча +996 770 888 435 номерине же Бишкек шаары, Журнал 23А дарегиндеги  Жаштарды өнүктүрүү институту коомдук бирикмесинин кеңсесине кайрылууга болот.