Бишкек шаары, Журнал көчөсү, 23А

office@dr.kg

+996 770 888 935

+996 770 888 435

Search form

Таласта жаштар лидерлерине жогорку квалификацияга ээ болгондуктары тууралуу сертификат тапшырылат

Өткөрүү убактысы: 2018-жыл, 15-август, саат 14.00 – 17.00
Өткөрүү жери: Талас шаары, И. Сарыгулов көчөсү, №33 (Айсулуу курулуш дүкөнүнүн экинчи кабаты)

       2018-жылдын 15-август күнү “Дилгир” жаштар лидерлерин окутуу курсунун  бүтүрүү аземи өтөт. Иш-чарага  Deutsche Gesellschaft für Internationale Zusammenarbeit (GIZ) GmbH (Германия эл аралык кызматташтык коомунун) “Жаштар үчүн жаркын келечек” долбоорунун өкүлдөрү, “Жаштарды өнүктүрүү институтунун” өкүлдөрү, КР Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мураталиев Марат, Талас шаарынын мэри Жузупбеков Айдар, А\А башчылары жана жаш лидерлердин ата-энелери, тренерлер  катышышат.

      “Дилгир” жаштар лидерлерин  окутуу курсу “Жаштар үчүн жаркын келечек” программасынын алкагында өткөрүлүп келет. Окутуунун максаты –жаштардын тажрыйбасын жогорулатуу аркылуу, алардын мамлекеттик жана муниципиалдык кызмат өкүлдөрү менен кызматташууну жана жаштарды чечим кабыл алуу процесстерине жигердүү катышуусун камсыз кылып, жаштардын өнүгүүсү үчүн туруктуу чөйрөнү түзүп берүү.

      Курска катталган  20 жаш лидер 6 ай ичинде квалификацияларын жогорулатуу үчүн атайын окутуудан өтүшүп, практикалык жумуш жасашкан. Бүтүрүү аземинде лидерлер жыйынтык иштеринин портфолиосун жактап, Билим берүү министрлигинен лицензияланган сертификатка ээ болушат.

     “Жаштар үчүн жаркын келечек” долбоору (GIZ) тарабынан каржыланып, “Жаштарды өнүктүрүү институту” жана “Талас облустук жаштар Кеңеши” коомдук бирикмеси тарабынан ишке ашырылып келет.

Кошумча суроолор боюнча: Асеин уулу Азаматка  0707 92 19 94 номерине  (e-mail- talas.kenesh@gmail.com) кайрылсаныздар болот.