Бишкек шаары, Журнал көчөсү, 23А

office@dr.kg

+996 770 888 935

+996 770 888 435

Search form

New Bishkek: Бишкекте жаңы үч Арт-объекттер пайда болот

Бишкекте “New Bishkek” шаардык демилгелер конкурсу болуп өттү. Иш-чарада активисттер шаарды көрктөндүрүүгө, социалдык суроолорду жоюуга жана жаратылышты коргоого багытталган долбоорлорун жакташты.

Онлайн-добуш берүүнүн жыйынтыгында “Ачык коомдук жаштар жайлары”, “Public art”, “IT-чечим” багыттарында 12 долбоор финалдык баскычка чыккан.

Иш-чаранын ачылыш аземинде Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Алмаз Кененбаев куттуктоо сөзү менен чыгып, шаар тургундарынын борбор каалабызды көрктөндүрүүгө жасап жаткан демилгелери маанилүү экендигин билдирип кетти.

“Шаарды көрктөндүрүүдө коомдун катышуусу зор маааниге ээ. Бүгүн борборго керектүү болгон долбоорлор көрсөтүлдү. Шаардын келечеги үчүн жаралган идеялар болсо, ар дайым аларды карап чыгууга жана колдоо көрсөтүүгө даярмын. Бул жерде чогулган адамдардын максаты  – шаарды өнүктүрүү,” – деп билдирди Алмаз Кененбаев.

Конкурс Жаштарды өнүктүрүү институтунун демилгеси менен Бишкек шаарын өнүктүрүү агенттиги жана  “ФИНКА Банк” жабык акционердик коомунун каржылоосу менен ишке ашырылды.

“New Bishkek –  уникалдуу проект. Ал шаар тургундарын жана анын конокторун жашоонун нугуна тартууга, өнүгүүнүн артыкчылыктарын алдыга коюуга жана Бишкек аймагында идеяларды ишке ашырууга багытталган. Конкурстун эң негизги өзгөчөлүгү - бул жаштардын кызыгуусу менен долбоорлорду жазып катышкандыгы. Бул көрүнүнүш менен биз жаштар өлкөбүздүн өнүгүүсүнө, борбор калаабыздын өркүндөшүнө кайдыгер карабайт деп айта алабыз. Сүйүнүчтүүсү жаштардын бул иштерди аткарууга гениалдуу жана практикалык идеялары бар,”- деп билдирди Жаштарды өнүктүрүү институтунун программалык директору Элийзар Тилебалды уулу.

Конкурстун жыйынтыгында төмөнкү долбоорлор жеңүүчү болуп аталышты:

- “Ачык коомдук жаштар жайлары” багыты боюнча «Supersurface» (Камиля Юсупова )долбоору. Долбоор Ала-Тоону чагылдырган динамикалык мейкиндигин камтыйт. Бул мейкиндиктин астында эс алууга даярдалган геометриялык түрдөгү отургучтар орнотулушат. Борборунда сөз сүйлөөгө даярдалаган орун болот. Бул курулуш көп фунционалдуу. Долбоордун максаты – шаар тургундарына чогулуштар, ачык сабактар жана эс алуу үчүн комплекстүү жай түзүү.

- Public Art – «Рождение мысли» (Дмитрий Фильев) долбоору. Долбоору 170см2 өлчөмүндө баштын сөлөкөтүндө болгон түрдүү механизмдер мене бекитилген металл конструкциясын камтыйт. Конструкциянын бөлүкчөлөрүн атайын жасалган баскыч менен башты иштетүүгө/ кыймылга келтирүүгө болот. Долбоордун өзгөчөлүгү анын чыгармачылык менен жасалышында. Ар бир адам башты иштетүү менен автордун оюн бөлүшүп, чыгармачлык менен жасалган иштин катышуучусу болуп калат.

- IT-чечимдер– Kyrgyz Culture via Augmented Reality (Иса Жанболот уулу) долбоору. Борбор Азиядагы тарых жана маданиятты заманбап технологиялар менен көрсөтүүчү алгачкы долбоор болуп саналат. Максаты жаштарды кыргыз элинин тарыхын, маданиятын изилдөөгө жана музейлерде заманбап технологияларды колдонууга багытталган. Ошондой эле жаштарды 3D моделдөө, виртуалдык жашоо технологияларын колдонууга кызыктууга чакырат.

Жеңишке жеткен долбоорлордун биринчи ишке ашуусун эки айдан соң, ал эми долбоорлордун толугу менен борбор калаага орнотулушун 2018-жылдын аягына чейин көрүүгө болот.