Бишкек шаары, Журнал көчөсү, 23А

office@dr.kg

+996 770 888 935

+996 770 888 435

Search form

«JASHTYK: ЖАҢЫ ИДЕЯЛАР АЙМАГЫ» ЭЛ АРАЛЫК ЖАШТАР ФОРУМ-ЛАГЕРИНЕ КАТЫШУУЧУЛАРДЫ КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛДЫ

Кыргызстан жана коңшу мамлекет жаштарынан 500дү топтогон «JASHTYK: ЖАҢЫ ИДЕЯЛАР АЙМАГЫ» эл аралык жаштар форум-лагерине катышуучуларды кабыл алуу башталды.

«Jashtyk: жаңы идеялар аймагы» деген эмне?

Бул жаштардын экономикалык дараметин жогорулатууга багытталган инновациялык аянтча. Форумда жаштар өлкөнү өнүктүрүүгө болгон ой-толгоолору менен бөлүшүп,  келечекти өзгөртүүгө багытталган суроо үстүндө иштешет. Ал  «Эгерде ар бир жаш адам өзүнүн эрдигин менен билимин позитивдүү өзгөртүүлөргө жумшаса, анда алардын айлана-чөйрөсү 2030-жылга карата кандай болуп өзгөрөт» суроосу.

Кантип өтөт?

Эки топ (17-23 жана 23-30-сентябрь) 6 күн ичинде туруктуу өнүгүүнүн максаттарына жараша күндөргө бөлүнгөн окутуу жана тренингдерден өтүшөт.

- Биосфера жаатындагы максаттар;

- Социалдык жаатындагы максаттар;

- Туруктуу өнүгүүдөгү адам.

Форумдун катышуучулары маданият, бизнес, медиа, илим жана мамлекеттик жумуштун өкүлдөрү менен жолугушат.

Форумда эмне бере алат?

Катышуучулар теориялык билим алуудан тышкары форумдун жыйынтыгында өнүгүүнүн тармак моделдери боюнча 10 долдоор иштеп чыгып, ишке ашырышат. Форум учурунда ар бир топко бирден коучер бекитилет. Ал катышуучуларга долбоорду иштеп чыгууда колдоо көрсөтөт.

Бардык жеңүүчүлөргө консультациялык колдоо жана ишке ашырууда коштоо көрсөтүлөт.

Катышуучу катары күтөбүз:

Жаш илимпоздор, чыгармачыл адамдар, журналисттер, бизнесмендер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, жаштар борборлорунун өкүлдөрү, жаштар уюмдарынын жана коомчулуктарынын жетекчилери катышуучу боло алышат. Ошондой эле бизге аялуу топтордун мүчөлөрүнүн катышуусу абзел.

Катышуучуларга болгон негизги талаптар:

- Конкурсанттын курагы 18 ден 30 жашка чейин;

- Медиа, чыгармачылык, бизнес, илим жана саясат чөйрөсүнүн өкүлү;

- Лидердин ишмердүүлүгү алып келген өзгөрүүлөр;

- Өзүнүн долбооруна/ демилгесине катышкан кызыкдар тараптар (мамлекеттик органдар, чечим кабыл алуучу тараптар, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар);

- Катышуучунун бардык тарапта болгон активдүүлүгү (жарандык акциялар, долбоорлор, медиа-активдүүлүк);

- Жаштардын өнүгүүсүнө кошкош салым;

- Кандидаттын ишмердүүлүгүнүн таанылуусу, жетишкендиктери.

«Jashtyk: жаңы идеялардын аймагына» мүчө болууну каалайсызбы? Анда катышуу арызын 5-сентябрга чейин толтуруңуз.

Ошондой эле катышуучулар административдик керектөөлөр үчүн 500 сом төлөөсү зарыл. Башка өлкөлөрдөн келген катышуучулар Бишкек шаарына чейинки транспорттук чыгымдарын өз алдынча төлөшөт. Андан башка – тамак-аш, жатакана жана окуу материалдарын уюштуруучу тарап камсыздайт.

Өткөрүү жери:

Лагерь Бишкек шаарынан 75 км алыстыкта жайгашкан Москва районунун Ак-Суу айыл аймагында, аянты 10 гектар болгон мурунку жаш балдар лагеринин ордунда өткөрүлөт.

Бардык суроолор боюнча +996 774 82 30 51, +996 707 57 49 99, +996 707 57 49 99 номерлери же jashtykcamp@gmail.comэлектрондук почтасы аркылуу кайрылууга болот.